ОШТУДА ЭМГЕК АКЫ ЖОГОРУЛАДЫ

  • 12.01.2023
  • 0

ОШТУДА ЭМГЕК АКЫ ЖОГОРУЛАДЫ

Ош технологиялык университетинде 1-январдан тартып эмгек акы жогорулады.

Буга чейинки кошулган кошумча эмгек акыдан сырткары илимдин докторлоруна 6500 сомдон, илимдин кандидаттарына 6000 сомдон, административдик-башкаруу курамга жана профессордук-окутуучулук курамга 5000 сомдон, окуу-көмөкчү жана кенже-тейлөөчү курамга 3500 сомдон кошулду.

Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев эмгек акылардын жогорулашы боюнча: “Университеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша окутуучуларга жана кызматкерлерге эмгек акыларды жогорулатып, шарттарды түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди.

Мындан сырткары декабрь айында бир ставкада эмгектенген ар бир кызматкер Жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө сыйлык акча да алышты.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер