ОШТУДА “ДЕН СООЛУК-2026” СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ
- 19.05.2026
- 0
Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан ЖОЖдор жана райондор арасында уюштурулган спорттун жети түрү боюнча “Ден соолук-2026” спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиадага Ош шаарынан жана жети райондон келген команда катышып, спорттук мелдештер жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чаранын ачылыш аземинде ОшТУнун ректору, профессор Ж.Турсунбаев катышуучуларга ийгилик каалап, спорт ынтымактын, сергек жашоонун жана достуктун символу экенин белгиледи.
Спартакиадада КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси А.Жунусов; Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлү А.Ысманалиев; Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ош облусу боюнча өкүлү А.Саттаров; Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н.Исраилова; ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Б.Тиленбаева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Спартакиаданын жүрүшүндө катышуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашып, ынтымакты, биримдикти жана сергек жашоого болгон кызыгууну даңазалашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда ОшТУнун маданий-эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
ОшТУнун басма сөз кызматы.








Комментарийлер