ОШТУда БИЛЬЯРД ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ

  • 19.01.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде салтка айланып калган профессордук-окутуучулук курамдын жана кызматкерлердин ортосунда бильярд боюнча мелдеш өттү.

Жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо максатында өткөрүлгөн мелдешке жалпы 30дан ашуун окутуучу-профессор катышты.

Жыйынтыгында университеттин бириккен профсоюз комитети тарабынан  жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

1-орунду академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун дене тарбия окутуучусу Кубатали уулу Кубанычбек, 2-орунду информатика кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек, ал эми 3-орунду Гуманитардык-технологиялык колледжинин  экономика  кафедрасынын башчысы Баатыров Залкарбек камсыз кылды.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер