ОШТУДА БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 18.05.2023
  • 0

Университетте билим алып, өздөрү тандаган кесиптин ээси болуп, чоң турмушка сапар алган жаштарга табигый-техникалык факультетинин жалпы жамааты тарабынан аларды окуу жайдан узатуу үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

ОШТУДА БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Салтанатка факультетти бүтүрүп жатышкан жалпы бүтүрүүчүлөр, факультеттин жамааты жана сырттан келген коноктор катышты. Факультетти бир канча жыл мурун бүтүрүп, өз кесиби менен эмгек жолдорун улантып жатышкан бүтүрүүчүлөр чакырылып, алар өз кезегинде өздөрү окуган адистиктин бүгүнкү күндөгү ролу, жашоодо тийгизген пайдасы, өндүрүштө ал кесиптин өнүгүүгө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтарды беришти. Ошондой эле, аларга дагы билим берип, белгилүү бир кесиптин ээси болууга түрткү болгон факультеттин жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти. Факультеттин деканы М. К. Алдашев тарабынан бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор айтылып, билим алышкан жылдар аралыгында университеттин жана факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мыкты ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар менен бирге баалуу белектер тапшырылды. Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, жагымдуу музыка коштогон ырлар жаңырды. Ал эми бул иш-чаранын негизги максаты, университетти аяктап, чоң турмушка сапар алган бүтүрүүчүлөрдүн коомдо өз ордуларын татыктуу табууга, өз кесибин сүйүүгө, өз элинин жана жеринин чыныгы патриоту болууга чакыруу болуп саналат.

ОШТУДА БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер