ОШТУДА АКЫЛ ОРДО ТАЙМАШЫ ӨТТҮ

  • 14.05.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде кибернетика жана маалымат технологиялар факультети тарабынан “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну өтүп, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана окуу жайдын студенттери катышты.

Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. Жалпы сегиз команда катышып, 1-орунду ИКТиСС-1-19 тайпасынын студенти Айбашов Үсөн, 2-орунду КЛ-1-20 тайпасынын студенти Улукбекова Гулжамал ал эми 3-орунду КЛ-1-20  тайпасынын студенти Айдарова Жаңылмырза  камсыз кылып, жеңүүчүлөргө  грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер