ОШТУДА АКЧА ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

  • 25.10.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде  салтка айланган жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

ОШТУДА АКЧА ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана экономика жана финансы кафедрасы менен биргеликте уюштурулуп, улуттук банктын өкүлдөрү, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар, окуу жайдын бардык факультеттериндеги билим алып жатышкан студенттер, профессордук-окутуучулук курам, университеттин жетекчилиги катышты. Жумалыкты университеттин ректору Ж. Турсунбаев ачып, дүйнөлүк акча жумалыгы калктын каржылык сабатын арттырууда чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

ОШТУДА АКЧА ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Акча жумалыгынын алкагында нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду. Мында ар бир даталуу күндөргө жана атактуу инсандардын мааракелерине арналып чыгарылган тыйындардын коллекциялары коюлду. Алардын катарында алтын жана күмүш куймалары, ар бир улуттук буюмдарга, чыгармаларга арналып чыгарылган, ар кандай формадагы жез куймалары бар. Кыргыздын улуттук колоритинде чыгарылган ар кандай алтын жана күмүштөрдүн, тыйындардын жасалгаларына кызыккандар анда коюлган буюмдардан сатып алып, өз коллекцияларын толукташты.

Улуттук банктын кызматкерлери окуу жайдын студенттерине акчанын жаралуу тарыхы, аларды сактоо жолдору, жүгүртүү системалары акчага байланышкан ж.б. кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер