ОшТУда “АЧЫК ЭШИК” КҮНДӨРҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 26.04.2023
  • 0

ОшТУда орто мектептердин бүтүрүүчү класстардын окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.

ОшТУда “АЧЫК ЭШИК” КҮНДӨРҮ ӨТКӨРҮЛДҮАталган иш-чарага шаардагы жана Ош облусунун райондорунун орто мектептеринин 9-жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү келип, университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы М.Шабданов келечекте татыктуу билим алып, белгилүү бир адистиктин ээси болууну максат кылган жаштарга окуу жай жөнүндө кеңири маалымат берди. Окуучуларды коштоп келген мектеп директорлору, мугалимдери жана ата-энелер ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев менен жолугушуп, келечекте кесип тандоодо окуучулардын кызыкчылыгы тууралуу пикир алмашышты.

Алдыда жыл сайын өткөрүлүүчү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн кийин “Ачык эшиктин” катышуучуларынын арасында ОшТУдан билим алгысы келгендер арбын экени анык болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер