ОШТУ ӨЗБЕКСТАНДАГЫ УРГЕНЧ МУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 21.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов жетектеген делегация Өзбекстандын Хорезм облусундагы Ургенч мамлекеттик университетинде болуп кайтты.

Делегациянын курамында табигый-техникалык факультетинин деканы, профессор М.Алдашев, кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, профессор Ш.Сайдаматов жана гуманитардык — технологиялык колледжинин окутуучусу У.Элчибеков болду.

ОШТУ ӨЗБЕКСТАНДАГЫ УРГЕНЧ МУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Делегацияны университеттин жетекчилиги тосуп алып, УрМУнун ректору Б.Абдуллаевдин, проректорлордун, тиешелүү факультеттердин декандарынын катышуусунда расмий жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосунда илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

ОШТУ ӨЗБЕКСТАНДАГЫ УРГЕНЧ МУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен ар тараптуу кызматташып турмакчы.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер