ОШТУ  СТУДЕНТТЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

  • 18.11.2021
  • 0

Ош технологиялык  университети студенттерге жаркын маанай тартуулады. 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Ош техникалык университети Ош шаарындагы “Хан-Ордо” ресторанында студенттер кечеси өткөрүлдү. Аталган иш-чара окуу жайдын Жаштар комитетинин уюштуруусунда ишке ашып, өзгөчө программанын негизинде коштолду.

Кечеде студенттер үчүн дасторкон жайылып, университеттин ректорунун милдетин  аткаруучу Жумакадыр Матисаков сөз сүйлөп, студенттер күнү менен кызуу куттуктап, ийгилик жаратып, окуу жайыбыздын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон студенттерге Ардак грамота, атайын диплом жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жаныш Жусупбеков тарабынан шаардык иш чараларда өз активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге Ардак грамоталар ыйгарылды.

Майрамдык кечени белгилүү ырчы, бийчилер коштоп, студенттерге көңүлдүү эс алуу уюштурулуп, иш-чара жогорку деңгээлде белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер