ОШТУ — QS РЕЙТИНГИНЕН 4 ЖЫЛДЫЗГА ЭЭ БОЛДУ
- 02.09.2025
- 0
Ош технологиялык университети дүйнөлүк деңгээлдеги QS Stars™ рейтинги боюнча 4 жылдыз статусуна ээ болду.
Бул — жогорку сапаттагы билим берүү, илимий жетишкендиктер жана заманбап инфраструктура менен шартталган чоң ийгилик.
Белгилей кетсек, жыл ичинде ОшТУ энергетика, азык-түлүк, архитектура багытында 4 жаңы лаборатория ачты. Бир нече миллиондук долбоорлорду утту жана илимий басылмасы эл аралык деңгээлге чыкты.
ОшТУ — технологиялык багыттагы Кыргызстандагы саналуу гана университеттердин бири!
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Бөлүшүү


Комментарийлер