ОШТУ ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН КУРС УЮШТУРДУ

  • 22.02.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинде илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү жана кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасы окутуучулар үчүн 72 сааттык курс уюштуруп жатат.

ОШТУ ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН КУРС УЮШТУРДУ

Аталган курс окутуучуларга окуу материалдарын натыйжалуу жеткирүү үчүн керектүү жабдыктарды, билимдерди жана практикалык тажрыйбаларды берүү жана окутуунун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Курс заманбап билим берүү усулдарына ылайык иштелип чыккан жана окутуу тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды эске алат.

ОШТУ ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН КУРС УЮШТУРДУ

ОшТУнун Илим жана инновация боюнча проректору Нурланбек Танаковдун айтымында, 72 сааттык курста алган билим жана көндүмдөр окутуучуларга өздөрүнүн билим берүү милдеттерин дагы да натыйжалуу чечүүгө жардам бермекчи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер