ОШТУ «КЫРГЫЗ УНАА  КУРУЛУШ» ЖЧК  МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 10.02.2020
  • 0

Ош технологиялык университети Ош шаарындагы «Кыргыз Унаа  Курулуш»  жоопкерчилиги  чектелген коому менен студенттердин практикасын өтүү, окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу жаатында кызматташат.

ОШТУ «КЫРГЫЗ УНАА  КУРУЛУШ» ЖЧК  МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Машина куруу ишканасынын күлдөрү  окуу жайдын ректору Абдыкадыр Абидов жана студенттери менен жолугушуп, Ossberger жана Pelton гидро түтүктөрү, генераторлордун ар кандай түрлөрү, электромобилдер тууралуу баарлашып, жумушка орношуу боюнча суроолорго жооп беришти.  Андан кийин окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен кенен таанышып  чыгышты.  

Эскерте кетсек, окуу жайдын  физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасы  машина куруу жана эксперименталдык энергетикалык машина куруу багытындагы  бакалаврларды даярдайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер