ОШТОГУ МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖААТЫНДА ИШТЕГЕН МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОБЛУСТУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

  • 24.05.2022
  • 0

Ноокат районунда жайгашкан К. Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинин жана «Ноокат билимканасы» жатак лицейинин базасында «Мектептик медиа бурчтардын медиасабаттуулукту жайылтуудагы ролу» аттуу облустук семинар уюштурулду. Бул  тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери,  «МедиаСабак» коомдук фондунун Түштүк региону боюнча координатору  Тынчтыкбек Досмуратов билдирди. 

ОШТОГУ МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖААТЫНДА ИШТЕГЕН МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОБЛУСТУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУМаалыматка ылайык, иш-чара Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык өтүп, ага облустун райондорунан, ошондой эле Ош шаарынан мектептик медиа бурчтарды уюштуруп келаткан мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү медиасабаттуулук боюнча жооптуу усулчулар, Ноокат районунун медиасабаттуулук боюнча усулдук бирикме жетекчилери, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги катышкан.

ОШТОГУ МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖААТЫНДА ИШТЕГЕН МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОБЛУСТУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУСеминардын алкагында катышуучулар К. Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинде көп жылдан бери медиа борборун иштетип келе жаткан тажрыйбалуу мугалим Бактыгүл Айдарованын жана мектептин медиасабаттуулук боюнча жооптуу мугалиминин презентацияларына сабактарына күбө болушуп, өз пикир-сунуштарын билдиришкен. Андан тышкары катышуучулар үчүн Ноокат көркөм сүрөт мектебине саякат уюштурулуп, окуучулардын эмгектери менен таанышышты. Соңунда «Ноокат билимканасы» жатак лицейининин алдыңкы тажрыйбасы көрсөтүлүп, окуучулардын IT жаатындагы жетишкендиктерин таанытуу иш-чарасы менен жыйынтыкталган.

Облустук семинардын соңунда аталган мектептердин эмгек жамааттары, ошондой эле алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган мугалимдер Ош билим берүү институтунун Ыраазылык баракчалары, Ардак грамоталары менен сыйланып, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленген.

Эске сала кетсек, Ноокат районунда бүгүнкү күндө 100дөн ашуун мектеп болсо, анын 90го жакынында мектептик медиа бурчтар уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер