ОШТО ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН СЫНАГЫ СТАРТ АЛДЫ

  • 13.03.2018
  • 0

Ош шаарында жаш манасчылардын арасында кароо-сынак башталды. Бул сынак залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында уюштурулуп жатат. Мелдешке шаардагы 53 мектептин балдар-кыздары катышууда.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтык Досмуратовдун берген маалыматына таянсак,  калыстар тобунун мүчөсү, ошондой эле «Саякбай» фондунун мүчөсү Сыргак Мырзакаримов жаш манасчылар эпостун муундан муунга айтылышына себепкер деген пикирин билдирген.

  • Мелдешке абдан көп катышуучу катышып жатканы бизди кубандырып жатат. Бул катышуучулардын арасында «Манас» эпосун калтырбай айтып кетчү балдар бар деп ойлойм. Муундан муунга айтылып келе жаткан айкөл баатырыбызды келечектеги жаштарга жеткирүүчүлөр ушулар десем жаңылашпаган болом, — деди ал.

Сынакка катышып жаткан Илимдар Караев 7 жашынан бери «Манас» эпосунан үзүндү айтарын, айтып баштаганда окуяга кадимкидей аралашарын айткан.

  • Мен №10 В.И.Ленин атындагы орто мектепте 8-класстын окуучусумун. Азыр 13 жаштамын. 7 жашымдан бери «Манас» айтып келем. Сынакта «Манастын бала чагын», «Семетейдин төрөлүшүн», «Көкөтөйдүн ашын» айттым. Мен ар дайым «Манас» айтып жатканда окуяга өзүм кадимкидей аралашам. Айтып баштаганда көзүмдү жумам, көзүмдү ачканымда айтып бүткөн болом. Окуяга аралашканда залда эмне болуп жатканын, ким эмне кылып жатканын такыр туйбайм, — дейт ал.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер