ОШТО СТУДЕНТТЕРДИН VII АЙМАКТЫК ОЛИМПАДАСЫ ӨТТҮ

  • 17.04.2018
  • 0

14-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өлкөнүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин VII предметтик олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

ОШТО СТУДЕНТТЕРДИН VII АЙМАКТЫК ОЛИМПАДАСЫ ӨТТҮ

“Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата өткөн иш-чарада Ош шаарынын вице мэри Кадыров Нурбек, ЖОЖдордун жетекчилери жана студенттер катышты. Ачылуу аземде ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев, вице мэр Н.Кадыров жана окуу жайлардын атынан өкүлдөр  сөз сүйлөп, олимпиаданын жүрүшүнө, ошондой эле билимин сыноо алдында турган студенттерге ийгилик каалашты.

ОШТО СТУДЕНТТЕРДИН VII АЙМАКТЫК ОЛИМПАДАСЫ ӨТТҮ

Билим таймашка  Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университетинен, Жалал-Абаддагы Эл аралык университетинен, Ош мамлекеттик университетинен, Ош технологиялык университетинен, Кыргыз-Өзбек университетинен, Ош мамлекеттик юридикалык институтунан жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан жалпы 1500гө жакын студент катышып, билим күчүн сынашты. Олимпиада жобонун негизинде 27 предмет боюнча  багытына жараша тест, оозеки, жазма, лабораториялык иштер менен электрондук негизде өтүп, ар бир окуу жайдан түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыктоочу салтанатында уюштуруу тобу тарабынан чакан программадагы маданий кече тартууланды. Андан соң жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, уюштуруучу катары окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев олимпиадага катышкан окуу жайларды жетектеп келген өкүлдөргө ыраазычылык иретинде, окуу жайдын атайын белектерин тапшырып, олимпиадада байгелүү 1-2-3-орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө ОГПИнин символикалык белгилери түшүрүлгөн белектер менен бирге дипломдорду ыйгарды.

Эскерте кетсек, жыл сайын өтүүчү бул аймактык олимпиада кезеги менен ар бир окуу жайда өткөрүлүп турат.  Кийинки жылы Ош мамлекеттик юридикалык институту өткөрөт.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер