ОШТО ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ ӨЗ БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТҮҮДӨ

  • 16.12.2021
  • 0

Ош билим берүү институтунун базасында Орусиянын Илим жана маданият борбору мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсун уюштуруп өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган институттун директору Гульмира Турдубаева билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык бул окутуу 2021-жылдын 15-17-декабрь аралыгында өтүп, ага Ош жана Жалал-Абад аймагындагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин орус тили жана адабияты, башталгыч класс, математика жана физика мугалимдери катышууда.

Орусиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунун адиси Дмитрий Теклюк мындай окутуу мындан ары да улантыларын айтып, кызматташтыктын алкагында жакшы шарт түзүп бергени үчүн Ош билим берүү институтунун жетекчилигине ыраазылык билдирген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер