ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТтү

  • 28.02.2023
  • 0

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТтү

Ошто 2022-2023-окуу жылындагы окуучулардын республикалык олимпиадасынын III (облустук) баскычы өттү.  Бул тууралуу Ош билим берүү институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул билим таймашына олимпиаданын буга чейинки райондук баскычында алдыңкы орунду ээлеген жалпы 269 окуучу катышты. Иш-чаранын ачылуу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аида Рахманова,  Ош билим берүү институтунун директору, облустук билим берүүнүн координатору Гульмира Турдубаева катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Эске сала кетсек, олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер