ОШТО ОКУУЧУЛАРЫНДЫН ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТҮҮДӨ

  • 27.02.2023
  • 0

Ошто 2022-2023-окуу жылындагы окуучулардын республикалык олимпиадасынын III (облустук) баскычы өтүүдө.

ОШТО ОКУУЧУЛАРЫНДЫН ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТҮҮДӨ

Бул билим таймашына олимпиаданын буга чейинки райондук баскычында алдыңкы орунду ээлеген жалпы 269 окуучу катышууда.

Иш-чаранын ачылуу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аида Рахманова,  Ош билим берүү институтунун директору, облустук билим берүүнүн координатору Гульмира Турдубаева катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

ОШТО ОКУУЧУЛАРЫНДЫН ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТҮҮДӨ

Эске сала кетсек, олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер