ОШТО ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА «ЖАШ МАНАСЧЫ» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 20.12.2021
  • 0

Ошто мектеп окуучуларынын арасында “Жаш манасчы” кароо-сынагынын облустук баскычы өтүп, ага аймактагы манас айткан таланттуу окуучулар катышты. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Сынакка жигердүү катышкан окуучуларга ыраазылык баракчалары, ал эми алдыңкы орунду ээлеген жеңүүчүлөр I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланып, аталган сынактын республикалык баскычына жолдомо алды.

Алар:

1-6-класстардын арасында:

I орун — Умар Акжолов (Ош шаарынан);

II орун — Арууке Темурланов (Кара-Кулжа районунан);

III орун — Раяна Абдуллаева (Кара-Суу районунан).

7-11-класстардын арасында:

I орун — Эмил Эрматов (Кара-Кулжа районунан);

II орун — Денис Азимбек уулу (Ош шаарынан);

III орун — Сталбек Панаидинов (Кара-Суу районунан).

Т. Досмуратовдун айтуусунда, бул сынакка Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ош шаарынын окуучулары жигердүү катышып, алдыңкы орунду ээлегендер да мына ушулар болду. Сынакта алдыңкы орунду ээлеген алты окуучу ушул жылдын 25-декабында Бишкек шаарында өтүүчү финалдык беттеште ат салышат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер