ОШТО «МЫКТЫ ЖАШ МУГАЛИМ — 2019» СЫНАГЫНДА ЖАПАР КЫЗЫ БАКТЫГҮЛ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

  • 15.05.2019
  • 0

Ош шаарында «Мыкты жаш мугалим — 2019» сынагынын финалдык баскычында баш байгени Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын география мугалими Жапар кызы Бактыгүл жеңип алды. Жеңүүчүгө конкурстун кубогу, акчалай сыйлык, Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын грамоталары тапшырылды.

ОШТО "МЫКТЫ ЖАШ МУГАЛИМ - 2019" СЫНАГЫНДА ЖАПАР КЫЗЫ БАКТЫГҮЛ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жеңүүчүгө кубокту тапшырууда.

ОШТО "МЫКТЫ ЖАШ МУГАЛИМ - 2019" СЫНАГЫНДА ЖАПАР КЫЗЫ БАКТЫГҮЛ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Конкурстун финалдык баскычына жети жаш мугалим суурулуп чыгып, өздөрүнүн кесиптик даярдыгын, чыгармачылык потенциалын сынга коюшту. Алардын кесиптик даярдыгы алты критерий менен бааланды. Атап айтканда, ар бири өздөрүнүн педагогикалык өнөркана көргөзмөсүн, педагогикалык концепцияларын сынга коюшту. Педагогикалык кырдаалдан чыгуу боюнча мастер класс көрсөтүштү, ошондой эле теориялык суроолорго жооп берип, педагогикалык терминдерди чечмелешип, акырында мугалимдиктен башка билген өнөрлөрүн көрсөтүштү.

ОШТО "МЫКТЫ ЖАШ МУГАЛИМ - 2019" СЫНАГЫНДА ЖАПАР КЫЗЫ БАКТЫГҮЛ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Биринчи байгеге ОшМУга караштуу «Ыйман» гимназиясынын тарых мугалими Таалайбек кызы Абида татыктуу болду. Экинчи эки орунга №17 мектеп-гимназиянын музыка мугалими Кубатбек уулу Догдурбек менен №38 мектеп-гимназиянын башталгыч класстарынын мугалими Эркебай кызы Наргиза чыкты. Үчүнчү үч орунду №8 мектеп гимназиясынын англис тили мугалими Одина Акбарова, Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими Мыктыбек Адишов, В.Терешкова атындагы мектептин дене тарбия мугалими Улукбек Исмайылов жеңип алышты. Жеңүүчүлөрдүн баары акчалай сыйлык, грамоталар менен сыйланды. Ал эми биринчи орунду алган  Таалайбек кызы Абидага жергиликтүү ишкер Египетке путевка тапшырды.

ОШТО "МЫКТЫ ЖАШ МУГАЛИМ - 2019" СЫНАГЫНДА ЖАПАР КЫЗЫ БАКТЫГҮЛ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

№8 мектеп гимназиясынын англис тили мугалими Одина Акбарова

Жаш мугалимдер сынагын Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ушуну менен экинчи жолу Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдувахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөрдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер