ОШТО МУГАЛИМДЕР ИНТЕРАКТИВДҮҮ СЕНСОРДУК ДОСКА ЖАСАШТЫ

  • 15.11.2017
  • 0

ОшТУнун Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мугалимдери өзгөчө сенсордук доска жасашып, аны студенттерге белек кылышты.

Ош технологиялык университетинин Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мугалимдери өзгөчө интерактивдүү доска жасап чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, студенттер мындан ары жаңы досканын жардамында архитектуралык, мультимедиялык программаларды кеңири колдоно алышат. Ошондой эле, анын өзгөчөлүгү сенсорлуу болуп, билим сапатын жогорулатууга жана сабактарды кызыктуу өтүүгө жардам берет.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Бөлүшүү

Комментарийлер