ОШТО «МАНАСЫМ МЕНИН МУРАСЫМ» АТТУУ УРААНДА МАНАС АЙТУУ КАРОО-СЫНАГЫ

  • 28.11.2022
  • 0

4-декабрь “Манас эпосунун” күнүнө карата Ош Шаардык Маданият Башкармалыгы тарабынан Жаш манасчылар арасында“Манасым менин мурасым” аттуу ураанда манас айтуу кароо-сынагы жарыяланат.
ОШТО «МАНАСЫМ МЕНИН МУРАСЫМ» АТТУУ УРААНДА МАНАС АЙТУУ КАРОО-СЫНАГЫ
ЖОБОСУ:
Максаты:
 “Манас” эпосун эл арасында жайылтуу менен кийинки жаш муундарга татыктуу жеткирүү;
 “Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу;
 “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо;
 Ош шаарыбыздагы жаш муундар арасында “Манас” эпосунун идеялык-тарбиялык, тарыхый-маданий баалуулугун жеткирүү;
 Жаш таланттуу манасчыларды элге таанытуу жана колдоо;

Сынакты уюштуруу жана уюштуруу тобу:
 Ош шаарынын мэриясы;
 Ош шаардык маданият башкармалыгы;

Сынактын эрежеси жана катышуунун шарттары:

 Сынакка Ош шаарындагы билим берүү мекемелериндеги билим алып жаткан, 10 жаштан, 17 жашка чейинки (17 жаш кошулат) жаш манасчылар катыша алышат;
 Сынакта катышуучулар “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунан үзүндүлөрдү айтышат жана убактысы 5 мүнөттөн берилет;

Баалоо жана жеңүүчүлөрдү аныктоо:

 Калыстар тобунун курамы Ош шаардык маданият башкармалыгы, тарабынан бекитилет:
 Калыстар тобунун курамы алдыңкы I, II, III орунду тандап берет;
Сынакты баалоонун критерийлери:
 Манасчынын окуянын мазмунунун ыратуулугун, таамай айтуу өзгөчөлүгүнө баалоо;
 Манас айтуу чеберчилигинин эң мыкты үлгүсү жана сахнада өзүн алып жүрүү маданияты бааланат;
 Манасчы жандуу үн менен айтуусу шарт;
 Манасчынын кийинип чыккан салттуу кийимдери эске алынат;
Сынактын сыйлыктары:
 Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланат;
 I орун.
 II орун.
 IIIорун.
 Ошондой эле активдүү катышуучулар кызыктыруучу баалуу белектер жана Ыраазычылык баракчалар менен сыйланат.
Сынакты өткөрүү мөөнөтү жана зарыл документтер тизмеси:
 Сынак 2022-жылдын 10-ноябрнан, 4-декабрна чейин кабыл алуу, каттоо жүргүзүлөт;
 Өтүлүүчү жай: “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору.
 Катышуучулардын паспортту же туулгандыгы туралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн жана окуган жеринен аныктама тапшыруу зарыл;
 Байланыш телефондор: 0551-41-94-94, 0774745252.
 Электрондук почта; [email protected], [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер