ОШТО МАНАСЧЫЛАР МЕНЕН СТУДЕНТТЕР ЖОЛУГУШТУ

  • 06.04.2018
  • 0

Жума башында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери менен манасчылар жолугушуп, “Манас” эпосунун сырлары тууралуу баарлашышты.

Иш-чара институттун алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борбору жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан студенттер арасында манас таанууну жайылтуу максатында уюштурулду. Жолугушууга манасчылар Рысбай Исаков, Салимбай Турсунбаев, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбеков жана КРдин Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапар уулу катышып, студенттерге “Манас” эпосундагы табият сырлары, тил байлыгы, улуттук нарк-насил, жашоонун үлгүсү жана тарбиянын башаты тууралуу айтып беришти. Ошондой эле манасчылар өздөрүнүн варианттарында эпостон үзүндү айтышып, жаштардын бир топ кызыккан суроолоруна жооп беришти. Окуу жайдын манасчы студенттери да коноктордун алдында Манас айтышып, алардын батасын алышты. Келген коноктордун дээрлик баары манасчылык менен бирге акындык өнөрдү алып жүргөндөр болгондуктан жолугушуунун экинчи бөлүгү поэзия багытында улантылды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер