ОШТО «МАНАС» БОЮНЧА СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

  • 06.02.2019
  • 0

Ош шаарындагы мектептердин 8-9-10-класстарынын тандалган окуучулары «Манас» эпосу боюнча тест тапшырышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

ОШТО «МАНАС» БОЮНЧА СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Анын айтымында, электрондук текшерүү ыкмасы менен жыйынтыкталуучу бул тест республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына мыкты окуучуларды тандап алуу максатында уюштурулган.

Сынактын жыйынтыгы мектептердин окутуу тилине карай чыгарылып, №52 лицейдин 2 тобу, №5, №35 мектептердин 1ден тобу кыргыз тилдүү мектептердин арасынан алдыңкы орунду ээледи. Ал эми окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин арасынан №2, №3, №6 жана №27 мектептердин тобу алдыга суурулуп чыгып, жалпы 8 топ таймаштын регионалдык баскычына жолдомо алышты.

Бул сынактын аталган баскычын электрондук ыкма менен жыйынтыктап берүүчү программаны колдонуу өткөн жылы да пайдаланылып, натыйжалуу жыйынтыгын берген. Мындагы негизги максат – окуучулардын «Манас» боюнча билимин сыноочу тесттин жыйынтыгын ыкчам жана адилеттүү чыгаруу.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы буга чейин да окуучулардын билимин баалаган предметтик олимпиадаларды жана башка түрдүү сынактарды электрондук ыкма менен өткөрүп келе жаткандыгы маалым.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер