ОШТО КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО ТАЛКУУЛАНУУДА

  • 01.11.2022
  • 0

2022-жылдын 1-ноябрынан 2-ноябрына чейин Ош шаарында “Көп тилдүү билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн педагогдорду даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу: чакырыктар жана чечимдер” аталышындагы аймактык семинар өткөрүүдө.

ОШТО КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО ТАЛКУУЛАНУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, ЖАМУнун колледждеринин, Социалдык интеграция борборунун жетекчилери жана окутуучулары көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу, мектеп мугалимдерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, электрондук ресурстарды түзүү жана колдонуу боюнча тажрыйба бөлүшөт.

Ошондой эле семинарга онлайн форматта Эстония, Италия жана Молдовадан көп тилдүү билим берүү боюнча эксперттер, Казакстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуулары катышат.

Семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын колдоосу менен уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер