ОШТО ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 24.05.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунун окумуштууларынын эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат  кызматы билдирди.

Конференция КР Президенти С.Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгына ылайык окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын уюштуруусунда өткөрүлдү.

Макалалар  “Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене бой жактан тарбиялоонун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде даярдалып, жалпы 200дөн ашуун эмгек келип түшкөн.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Аскар Иманбаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Явуз Эржан Гул жана Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

“Мугалим” журналы  тарабынан Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн конференцияга катышкан Гапыр Мадаминовго жана ОшМПУнун ректору Б.Зулуевге, окутуучулар С.Мадраимовго, И.Даминовага, Ж.Шербаевага атайын төш белги тапшырылды жана бир канча окутуучулар Ардак грамота менен сыйланышты.

Аталган конференцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, окумуштуу Акматали Алимбеков, КР Эмгек сиңирген мугалими, “Энелер” мектебинин түзүүчүсү Гапыр Мадаминов, КУУнун профессору, “Мугалим” журналынын негиздөөчүсү Рахат Сулайманова жана онлайн форматта   Казакстандын Н.Назарбаев атындагы университеттин профессору Дүйшөн Шаматов баштаган бир топ педагогдор катышып, пленардык жыйында баяндамаларын жасашты.

Андан соң баяндамачылар алты секцияга бөлүнүп иш алып барышты. Жыйынытыгында пленардык жыйында окулган баяндама ээлерине жана секциялык отурумда макалаларын мыкты коргогон окутуучулар уюштуруу тобу тарабынан атайын сертификаттарга ээ болушту.

Белгилей кетсек, аталган конференция жарлыкка ылайык өлкө боюнча биринчи болуп Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эл аралык деңгээлде өткөрүлдү. Ошондой эле окуу жайдан катышып, илимий макала жазган окутуучулардын макалалар топтому журнал болуп чыгарылды.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер