ОШТО БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН ДАЯРДОО БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 27.04.2023
  • 0

25-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын педагогдору А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн “Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо” темасындагы илимий-практикалык конференцияга катышышты.

ОШТО БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН ДАЯРДОО БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Конференциянын катышуучулары билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыттары, мазмунду модернизациялоо, заманбап мугалимдин компетенттүү модели, окуу сабаттуулугун жана окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү боюнча маалымат алышты. Мастер-класстарда окутууда дифференцияланган жана интеграцияланган ыкмалар, окуу, жазуу жана математиканы окутуунун стратегиялары көрсөтүлдү.

Конференция USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор 1 миң 682 мектептеги 450 миң башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окутуунун натыйжаларын жакшыртууга багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер