ОШТО “АЙТМАТОВ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ” АТТУУ ТЕАТРАЛДЫК ФЕСТИВАЛЬ-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

  • 20.11.2023
  • 0

Ош билим берүү институтунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын облустук баскычы өткөрүлдү.

ОШТО “АЙТМАТОВ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ” АТТУУ ТЕАТРАЛДЫК ФЕСТИВАЛЬ-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

Сынакта Чоң-Алай районундагы Ак-Суу орто мектебинин “Театр-Форум” театралдык студиясы Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” чыгармасынын негизиндеги “Үмүт” спектакли менен баш байгени багындырып, республикалык турга жолдомо алды.

Ошондой эле алдыңкы орундарга ээ болгон театралдык студиялар:

I орун – Алай районундагы №17 Кызыл-Алай орто мектебинин “Жаш талант” театралдык студиясы “Биринчи мугалим” чыгармасынын негизиндеги “Кош теректер” спектакли;

II орун – Араван районундагы № А. Навои атындагы орто мектебинин “Бүчүр” театралдык студиясы “Ак кеме” чыгармасынын негизиндеги “Жомоктон кийин” спектакли;

III орун – Кара-Кулжа районундагы Ж. Акматалиев атындагы орто мектебинин “Театр-Форум” театралдык студиясы “Биринчи мугалим” чыгармасынын негизиндеги спектакли.

Бөлүшүү

Комментарийлер