ОШТО АУТИЗМ СПЕКТРИНДЕГИ БАЛДАРДЫ ОКУТУУ БОЮНЧА 40 КҮНДҮК ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

  • 22.07.2026
  • 0

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде аутизм спектриндеги балдарды окутууга багытталган 40 күндүк теориялык жана практикалык тренингдер расмий түрдө башталды.

Иш-чаранын алкагында АКШдан келген эксперт-тьютор аутизм темасында лекция жана практикалык сабак өтүп, катышуучулар менен өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Алгачкы күнү өткөн семинарга жалпы 38 адам катышып, алардын ичинен 15и окутуучулар, 17си ата-энелер жана 6сы балдар болду.ОШТО АУТИЗМ СПЕКТРИНДЕГИ БАЛДАРДЫ ОКУТУУ БОЮНЧА 40 КҮНДҮК ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫУюштуруучулардын маалыматы боюнча, бул окуулар жаштар, педагогдор жана ата-энелер үчүн өзгөчө мааниге ээ. Тренингдерге катышууга кызыкдар жарандардын баары чакырылат; сабактар дүйшөмбүдөн жумага чейин күн сайын саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

Окуулардын өткөрүлүүчү дареги: Ош шаары, Г. Айтиев көчөсү, 27 (Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети).

Иш-чаранын башкы уюштуруучусу — Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Уларкан Акматова.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер