ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИНЕН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТЫП КЕЛИШТИ

  • 28.11.2017
  • 0

Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин жети студенти жана бир окутуучусу Чехиянын Пльзень шаарында жайгашкан Батыш Чехия университетинде 9-октябрдан 13-ноябрга чейин беш жума билим алып келишти.

Студенттер Батыш Чех университети менен жакындан таанышып, бардык факультеттеринде болушуп, лекцияларга активдүү катышуу менен Кыргызстан, ОшМУ жөнүндө презентацияларды жасап, өздөрүнүн жогорку билим деңгээлин көрсөтүп келишкен. Ошондой эле университетте орус, англис, чех тилдеринде сабактар уюштурулса, ОшМУдан барган студенттер англис тилиндеги тайпаларды тандашып, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында Батыш Чех университетинин сертификаттарына ээ болушту. Билим алуу менен Европадагы Париж, Швейцария сыяктуу мамлекеттердин 10дон ашык шаарлары менен таанышып кайтышты.

Келишимдерге ылайык, 2018-жылы Батыш Чех университетине 20 студентти, профессордук-окутуучулук курамдан 10 окутуучуну жөнөтүү пландаштырылган. Ошондой эле эки университеттин ортосунда мындан ары илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференция, он-лайн лекция, симпозиумдарды өткөрүү иштери да келишимде каралган.

Бөлүшүү

Комментарийлер