ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

  • 31.10.2018
  • 0

Өзбекстан Республикасынын Ургенч шаарында өткөн математика боюнча Мухаммад аль-Хорезми атындагы Биринчи дүйнөлүк олимпиадада ОшМУнун студенти коло медалга ээ болду.

ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

Олимпиадага Кыргызстандын атынан Ош мамлекеттик университетинин төрт студенти катышкан. Жыйынтыгында математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Мээрим Ирисмаматова 3-орунга ээ болуп, коло медалды утуп алса, Бекболот Шайдуллаев диплом, олимпиадага катышкан жалпы катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.

Ошондой эле мисалдарды тандоо, чыгаруу боюнча мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн окуу жайдын профессору Дилмурат Турсунов «Эң мыкты калыс” деген диплом менен сыйланды.

Биринчи дүйнөлүк олимпиада англис тилинде өтүп, 20 ашуун өлкөнүн 56 жогорку окуу жайынан 244 студент катышты. Бул тууралуу окуу жайдан маалымдашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер