ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ 1200 АКШ ДОЛЛАР ӨЛЧӨМҮНДӨ СТИПЕНДИЯ АЛДЫ

  • 28.12.2022
  • 0

Өлкөдөгү эң ири өлчөмдөгү студенттик стипендия болуп саналган Ош мамлекеттик университетинин «Атуулдук стипендиясы» быйылкы окуу жылында он студентке тапшырылды. Стипендияны салтанаттуу тапшыруу аземи 26-декабрда окуу жайдын жалпы эмгек жамааты жана студенттеринин, Президенттик стипендиянын ээлеринин катышуусунда болуп өттү.

ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ 1200 АКШ ДОЛЛАР ӨЛЧӨМҮНДӨ СТИПЕНДИЯ АЛДЫ

Атуулдук стипендианттарды тандоо окуу жайда иштелип чыккан 21-бюллетендеги «ОшМУнун мыкты студенти» сынагы жөнүндөгү жобого ылайык өттү. Сынакка окуу жайдын күндүзгү бөлүмүндө «эң жакшы» баага окуган студенттери катышты. Анда студенттердин окуудагы жетишкендиктери, логикасы жана сабаттуулугу, илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери, ойлоп табуучулук, жаратмандык жана чыгармачылык потенциалы, коомдук жана социалдык жоопкерчилиги, лидерлик потенциалы, уюштуруучулук сапаттары каралган. Иш-чарада ар бир стипендианттар тууралуу студенттерге үлгү болчу мыкты жетишкендиктери видеоролик аркылуу көрсөтүлдү.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер