ОшМУнун студенти автоунаа утуп алды
- 04.03.2024
- 0
Окуу жайдын юридика факультетинин 3-курсунун студенти Нурпери Бектурсун кызы эл аралык китеп окуу сынагында 1-орунду ээлеп, баш байге автоунаанын ээси болду.
Сынак «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китеби боюнча өткөрүлүп, жети миңден ашуун окурман катышты. Жеңүүчүлөргө белектерди тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ректор Кудайберди Кожобеков катышты.
Китеп окуу сынагын «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси менен Kitep.kg дүкөнү биргеликте уюштурган.
Бөлүшүү
Комментарийлер