ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЫТАЙДАН ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫП КЕЛИШТИ

  • 15.11.2017
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков башында турган делегация ноябрь айынын башында Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү-Пекин шаарларында иш сапары менен  болуп келишти.

 

Окуу жайда көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип жаткан 15 профессордон түзүлгөн делегация алгач Пекин шаарында болуп, Пекин Чет тилдер жана Цинхуа университеттеринде  өткөрүлгөн жолугушууларга катышып, университеттин базалары менен таанышып, ар бири өз багыттары боюнча тажрыйба алмашып келишти. Андан кийин Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинде болушуп, түрдүү маданий-массалык иш-чараларга катышып, Кытайдын маданиятын, үрп-адатын чагылдырган тарыхый жайлары менен таанышышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул багыттагы иш сапарлар беш жылдан бери уюштурулуп, анда профессорлор, окутуучулардан турган делегациялар  чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында болушуп,  тажрыйба бөлүшүп, билим берүү системасы, маданияты, тарыхы менен жакындан таанышып,  билим берүүнү жуурулуштуруп келишет. Ушундай эле делегация 2015-2016-окуу жылында Үрүмчү, Шанхай шаарларында болушуп, бир топ университеттеринде кызматташуу алкагында жолугушууларды өткөрүп келишкен. Ал эми окутуучулар, студенттер академиялык мобилдүүлүк багытындагы түрдүү программалардын негизинде жыл бою тынымсыз тажрыйба алмашып турушат.

Ч.Кийизбаева, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер