ОШМУНУН МЕДКЛИНИКАСЫНДА ХИРУРГИЯ БӨЛҮМҮ АЧЫЛДЫ

  • 17.01.2023
  • 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун медициналык клиникасындагы хирургия бөлүмүнүн жана операция жасоочу блогунун  ачылышына катышты.

ОШМУНУН МЕДКЛИНИКАСЫНДА ХИРУРГИЯ БӨЛҮМҮ АЧЫЛДЫ

Окуу жайдын медициналык клиникасынын операциялык блогунда мындан ары операциялардын бардык түрү, онкологиялык оорулар үчүн да  операциялар жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү техникалар менен жабдылган. 2022-жылдын декабрында клиника үчүн окуу жай  тез жардам унаасын да сатып алган.

Учурда ОшМУнун  медициналык клиникасында  төрт бөлүм кызмат көрсөтөт. Амбулатордук — диагностикалык бөлүмдө 2021-жылы 13292 бейтап кароодон өткөн болсо, 2022-жылы  29 000ге жакын  мугалим, студенттер жана бейтаптар, медициналык кароодон өткөн. Терапия бөлүмүндө 10 күндүк стационардык дарылануудан 1500 бейтап дарыланган. 2022-жылдын октябрь айында ачылган стоматология бөлүмүнө 512 бейтап кайрылган.

Иш сапардын алкагында делегация окуу жайдын эл аралык медицина факультетиндеги DIMEDUS виртуалдык клииникасы, морфологиялык корпусу, анатомиялык илимий  музейи жана лекциялык залдары менен таанышып, илимий долбоорлордун көргөзмөсү, санарип платформанын университетте ишке ашуусу, ОшМУнун “Жаштар бизнес паркынын”  стартап долбоорун көрдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер