ОШМУНУН КЛИНИКАСЫНДА ЭКИНЧИ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ
- 12.04.2023
- 0
ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу бейтапка лапароскопиялык холецистэктомия дартына операция жасалды.
Бул операцияга лапароскопиялык жабдыктарды жасаган дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын бири KARL STORZ (Германия) компаниясынын 2022-жылы чыгарылган универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык аппараты колдонулду.
- Бул жабдыктын камерасы так, даана көрсөтөт. Бул универсалдуу жабдыктын жардамында абдоминалдык хирургия, гинекология, кулак-мурун, боор жана урология багыттарында да операция жасоого болот, -деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.
Буга чейин ОшМУнун медициналык клиникасында алгачкы жолу ашказандын оор дартына операция жасалган.
Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»
Бөлүшүү
Комментарийлер