ОШМУнун КАРА-КУЛЖА ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ

  • 25.09.2018
  • 0

Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жылына карата региондордогу мектептик билим берүүнү көтөрүү максатында Ош мамлекеттик университети региондордо 3 гимназия ачты.

ОШМУнун КАРА-КУЛЖА ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ

19-сентябрь күнү Кара-Кулжа гимназиясынын ачылуу аземи болуп, салтанатка Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Примберди Дыйканов,  Кара-Кулжа райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдырасул Абдыкадыров, райондогу мектептердин директорлору, айыл тургундары, окуучулар  катышышты.

ОШМУнун КАРА-КУЛЖА ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүнкү күндө 120 окуучуну кабыл алууга ылайыкташкан Кара-Кулжа гимназиясында 8 -9-10-11- класстарда 60 окуучу атайын сынактын негизинде кабыл алынып, билим алып жатышат.

ОШМУнун КАРА-КУЛЖА ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Гимназияда  заманбап билим алууга шарттар түзүлгөн. Университет тарабынан материалдык-техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар, акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыздалып, окуу кааналары заман талбына ылайык жасалгаланган.   Ошондой эле алыскы айылдардан келип билим алган окуучулар үчүн жатакана бөлмөлөрү түзүлгөн.

Кара-Кулжа гимназиясы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик стандартына ылайык тереңдетип билим берүүнү ишке ашырат. Окутуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша түрдүү ийримдерди иштейт.

Белгилей кетсек, гимназияда тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдери, гуманитардык, табигый, так илимдери  тереңдетилип окутулат. Жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадаларга даярдалат. Күндүн биринчи бөлүгүндө базалык билимдер берилсе, күндүн экинчи бөлүгүндө атайын ийримдер иш алып барат.  ОШМУнун КАРА-КУЛЖА ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер