ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ: ЖАҢЫ МУУНГА – ЖАҢЫ КОЛЛЕДЖ

  • 19.10.2020
  • 0

2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Аталган долбоордун алкагында колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлүүдө, өлкөнүн түштүк аймагынын эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен АТБны өнүктүрүүнүн стартегиялык планы иштелип чыкты. Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кененирээк окуу жайдын директору Олжобай Шаимкулов айтып берди.

Колледж аталган долбоордун алкагында кандай иштерди аткарып жаткандыгы тууралуу айтып бериңизчи?

Долбоордогу алгачкы кадамдардан баштап жана анын ишинин жүрүшү бою системалуу түрдө колледжди Алдыңкы тажрыйба борбору кылып кайра түзүү аспекттерине байланыштуу окутуучу семинар-тренингдер, вебинарлар өткөрүлүүдө, тегерек столдор уюштурулууда. Мисалы, 2018-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде АӨБдүн колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун көз карашы жана өнүктүрүү стратегиясы” аттуу темада тегерек стол өткөрүлгөн. Иш-чараны өткөрүүнүн максаты болуп кесиптик-техникалык, педагогикалык билим берүү жана эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келүү милдетинин чечимин табуу үчүн биздин колледждин базасында Даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборун түзүү саналат.

Окождордун ишмердигин өздөштүрүү үчүн ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин делегациясы Кара-Балта Техникалык-экономикалык колледжине, Бишкек Архитектура жана курулуш менеджменти коллежине жана Токмок Агро-өнөр жай колледжине барып, иши менен таанышып келди. Долбоор тарабынан ар кандай билим берүү системаларын өздөштүрүү жана реформаларды жүргүзүү боюнча Алматы шаарына таанышуу туру уюштурулган. Биз Казахстандын колледждеринин мисалында билим берүү программаларын ишке ашыруу тажрыйбасын өздөштүрдүк.

Билим берүү саясаттарын өздөштүрүүнүн негизинде колледждин өзүндө кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

Азыркы учурда биздин колледж социалдык өнөктөштүктү активдүү ишке киргизүүдө, окутуунун сапатын балоого катышуу үчүн өнөктөштөрдү кесиптик стандарттарды жана билим берүү прогарммаларын түзүүгө тартууда. Колледж менен социалдык өнөктөштөрдүн кызматташуусунун максаты — орто звенонун адистерин даярдоонун сапатын жакшыртуу жана алардын көндүмдөрүнүн экономиканын, эмгек рыногунун, коомдун жана айрым жарандардын керектөөлөрүнө жана күтүүлөрүнө ылайык келүүсүн камсыздоо саналат.

Биз 2020-2023-жылдарга карата социалдык өнөктөштүктүн иш-аракеттер планын түздүк, социалдык өнөктөштөрдүн тизмесин, кийинки адистиктер боюнча эксперттик топтордун курамын бекиттик: “Башталгыч класстарда сабак берүү”, “Мектепке чейинки билим берүү”, “Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, “Эсептөө техникаларын жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо”, “Тигүүчү буюмдарды моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы”, “Дизайн”.

Кызматкерлердин жана педагогдордун квалификациясын жогорулатууга олуттуу көңүл бурулууда, системалуу түрдө семинарлар, тренингдер, вебинарлар өткөрүлүүдө. Мисалы, 2020-жылдын март, апрель, май, август айларында өнөктөштүк системасы кантип иштей тургандыгын түшүнүү үчүн, социалдык өнөктөштүктү ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын жана жетишүү индикаторлорун түзүү үчүн куралдарды жана сунуштарды берүү максатында социалдык өнөктөштүк боюнча вебинарлардын сериясы өткөрүлдү.

Ошондой эле, колледжде Карьера борбору иш алып барат, анын милдеттеринин бири болуп бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу, көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү саналат. Азыркы учурда биз кийинки адистиктер боюнча кесипкөй кадрларды даярдайбыз: “Башталгыч класстарда сабак берүү”, “Мектепке чейинки билим берүү”, “Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, “Эсептөө техникаларын жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо”, “Тигүүчү буюмдарды моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы”, “Дизайн”, “Социалдык иш”, “Колдонмо информатика” (экономика жаатында), “Дене тарбия”, “Маалыматты иштеп чыгуу жана башкаруу автоматташтырылган системасы”.

Аталган долбоордун багыттарынын бири болуп ишкердикке окутуу боюнча жаңы модулду ишке киргизүү саналат. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Долбоордун алкагында ишкердикке окутуу боюнча программа чындыгында ишке ашырылууда, анын максаты – демилгечилдик көндүмдөрдү өнүктүрүүчү компетенцияларды киргизүү. Ишкердик көндүмдөргө окутуу студенттерге бизнес ачууга, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу кызматкерлер жана педагогдор ТОТ1 “Ишкердиктин негиздери” жана ТОТ 2 – ишкердик боюнча жана ишкердик компетенцияларын өнүктүрүү модулдары боюнча АТБ тренерлери үчүн тренингдерге катышышты. Окутуунун жыйынтыгы боюнча окутуучулар заманбап дидактикалык мамилелер боюнча билимдерге жана көндүмдөргө: студенттердин ишкердик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган ыкмаларга, ишкердикке окутуу боюнча окутуу модулун натыйжалуу ишке киргизүү үчүн куралдарга ээ болушту.

Алдыңкы тажрыйба борбору катары колледжин маанилүү аспекттеринин бири болуп компетенттүүлүк мамилеге негизделген билим берүү программаларын ишке ашыруу саналарын белгилей кетким келет. Биздин педагогдор ошондой эле “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында компетенттүүлүк негизде билим берүү жөнүндө базалык түшүнүк алууга жана компетенцияларга жана окуу-усулдук материалдарды долбоорлоо принциптерине негизделген кесиптик стандарттарды, окуу программаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү квалификацияны жогорулатуудан өтүштү.

Аталган долбоордун дагы кандай багыттарын белгилей аласыз?

Долбоордун маанилүү багыты болуп инклюзивдүүлүк саналат. Биздин колледж ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген студенттерге инклюзивдүү билим берет. Мындан тышкары, биз студенттерге жумушчу орундарды жана ишканалар менен иштөөнү жеткиликтүү кылуу менен дуалдык окутуунун элементтерин ишке киргизип жатабыз, ал тармакты жана кесипти максималдуу түрдө түшүнүүгө жана келечекте ишке ийгиликтүү орношуу үчүн студенттерди даярдоого мүмкүндүк берет.

Жакынкы келечекте Алдыңкы тажрыйба борбору катары колледжде окуу-өндүрүштүк комплекс иштей баштайт, студенттер билимге жана көндүмдөргө гана ээ болбостон, ошондой эле өз продукциясын ишке ашыра алат, бизнесин жүргүзө алат. Быйылкы жылы жаңы корпустун курулушу аяктады, долбоордун алкагында колледжин материалдык-техникалык базасы жакшырды.

Бүгүнкү күндө билим берүүнүн бардык деңгээлинде санариптештирүү активдүү киргизилүүдө. ИПК кандай чараларды көрүүдө?

2020-жылдын март айынан тартып өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу биз онлайн окутууга өттүк. Биздин колледж – Ош мамлекеттик университетинин колледжи болгондуктан, бизде окуу-усулдук процессти комплекстүү автоматташтырууга багытталган маалыматтык система (AVN) колдонулат. Бардык окуу-усулдук материалдар AVN маалыматтык системасынын билим берүү порталына жиберилет.

Аралыктан билим берүүнүн жүрүшүндө онлайн-платформалар жана мессенджерлер колдонулат: Zoom, Jitsi meet, Google meet, Moodle, Google classroom, алар окутуучу менен студенттин ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү камсыздайт. Паралеллдүү түрдө педагогдор үчүн аталган ресурстар менен иштөө боюнча, маалыматтык-коммуникациялык, телекоммуникациялык, виртуалдык, мультимедиялык технологияларды колдонуу боюнча нускамалар иштелип чыккан.

Биз өзүбүздүн санарип чөйрөбүздү түзө алдык, ал окутуучулар менен студенттерге гана баарлашууга мүмкүндүк бербестен, ошондой эле бул процесске абитуриенттер менен алардын ата-энелерин активдүү тартууга да мүмкүндүк берет. Аралыктан билим берүүнүн оң таасирдүү жагы катары толук жекелештирүүнү белгилесе болот, башкача айтканда окутуучунун ар бир студент менен жеке баарлашуу мүмкүнчүлүгү.

Жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи жаңы муунга келечекке карай жол ачат деп ишенимдүү айтууга болорун белгилеп кетким келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер