ОШМУНУН ЭКИ ЖҮЗГӨ ЖАКЫН СТУДЕНТИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТТҮ

  • 25.03.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков 2018-2019-окуу жылынын 1-семестринде сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүк боюнча эки тараптуу келишимдердин, Эразмус+, Мевлана, “Ош декларациясы” сыяктуу программалардын негизинде чет мамлекеттердеги жана Кыргызстандагы 40ка жакын университетте билим алып, тажрыйба топтоп келген 160ка жакын студент менен жолугушуп, пикир алмашты.

ОШМУНУН ЭКИ ЖҮЗГӨ ЖАКЫН СТУДЕНТИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТТҮ

Баарлашууда ректор мобилдүүлүккө чыккан студенттердин көзү ачылып, аларда эң башкысы өз алдынчалыкка үйрөнүү, дүйнөнүн төрт бурчуна барып руханий, интеллектуалдык азыктарды, жаңы идеяларды топтоп келүү мүмкүнчүлүгү жаралуу керектигини билдирди. ОшМУ жылына 1500ге жакын студентин академиялык алмашууга катыштырып, реалдуу эл аралык мейкиндикте жашап жаткандыгын, түштүк регионду билим менен өнүктүрүү планы бар экендигин айтып өттү. Ошондой эле жакынкы күндөрдө ОшМУ дүйнөдөгү 2200 университеттин ичинен ТОП 700дүн, Борбордук Азиядагы үч университеттин катарына кирип, санариптик, коопсуз, экологиялык таза университет боло тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер