ОШМУНУН «БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУСУ “АЛТЫН ТАМГА” АТТЕСТАТЫНА ЭЭ БОЛДУ

  • 25.06.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнөн өткөн “Билим” лицейинин окуучусу Бексултан Бердибековду куттуктап, ата-энесинин, окуткан мугалимдеринин ак эмгегин актаган мыкты кесип ээси болуусун каалады.

ОШМУНУН "БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУСУ “АЛТЫН ТАМГА” АТТЕСТАТЫНА ЭЭ БОЛДУ

Бексултан Бердибеков Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын тамга” аттестатына ээ болду.

“Быйыл лицейибизди 46 бүтүрүүчүбүз аяктады. Былтыр 43 бүтүрүүчү аяктап, алардын баары учурда алдыңкы ЖОЖдордо билим алып жатышат”,- деди лицейдин директору Жоогазын Болушова.

Эске сала кетсек, 2019-жылы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча «Билим» лицейинин 11-классынын окуучусу Жумаева Мэриниса “Алтын тамга” аттестатынын ээси болгон. Ал эми 2017-2018- окуу жылында «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар ЖРТдан эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификатка» ээ болсо, бир окуучу Ош облусу боюнча эң жогорку упай алып, өлкө башчысынын колунан атайын белекке ээ болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер