ОШМУНУН 16 СТУДЕНТИ КЫТАЙДА БИЛИМИН УЛАНТАТ
- 19.09.2023
- 0
Кыргыз-кытай факультетинин кытай таануу, филология жана программалык инженерия багыттарында билим алган 16 студент Кытайдын Сиань шаарынын Сыюань университетине окууга аттанышты. Аларды окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков узатты.
Студенттер ОшМУ менен Сыюань университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде 2+2 кош диплом программасы боюнча билим алышат. Алар буга чейин ОшМУда 1-курсту окуп, кытай тилин билүү деңгээли боюнча сынактарды тапшырып программага катышуу укугун алышкан. Эми 2,3-курсту Сианьга барып билимин улантат. Ал эми 4- курсту ОшМУда окуп, андан кийин дипломдор берилет.
ОшМУ Сыюань университети менен эки тараптууу кызматташуу келишимине 2023-жылдын 6-майында кол койгон. Анда биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, тажрыйба алмашууларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.
Комментарийлер