ОШМУДА ЖУРНАЛИСТТЕР АРАСЫНДА ВИКТОРИНА КЕЧЕСИ ӨТТҮ

  • 10.03.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында викторина кечеси (Quiz Night) өттү. Акыл таймашына сегиз команда катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков: «Жалпы коомду агартууда өлкөбүздө массалык маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз. Коомду агартуу багытында массалык маалымат каражаттары менен өнөктөш катары бирге кызмат кылабыз», — деген сөзүн айтып, оюнчуларга ийгилик каалады.

Мелдеш эки тур менен өттү. Анда журналисттер ой жүгүртүү багытындагы 10 суроого, белгилүү кыргыз айымдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан 10 суроого жооп беришти.

Жыйынтыгында АКИpress маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери 14 упай менен 1-орунду багындырды. 2-орунга «Ош Пирим» телеканалынын журналисттери менен «Ынтымак» телеканалынын кызматкерлери жетишти. 3-орунду «Т-Медиа» командасы менен ЭЛТР командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, майрамдык белектер ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер