ОшМУда спутниктик борбор ачылды

  • 04.02.2025
  • 0

3-февралда Ош мамлекеттик университетинде «Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо» борбору ачылды. Салтанатка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, чет өлкөлөрдөн жана өлкө аймагынан келген окумуштуулар катышты.

ОшМУда спутниктик борбор ачылды

Аталган жай спутниктик борбор катары Кыргызстанда алгач ирет ачылып жатат. Ал университеттин «Келечек муундун ХАБы» борборунун базасында орун алган. Борбор спутниктин негизинде маалыматтарды чогултуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Учурда атайын заманбап жабдуулар менен толукталган. Мында эл аралык долбоорлор менен иштеп, инвестицияларды тартса болот. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт бар.

Борбор келечекте Кыргызстанда ушул багытта адистерди даярдоо максатында ишке ашууда.

«Ал аркылуу илимий кызматкерлер, окумуштуулар, PhD докторанттар жердин жөнөкөй кыртышынан тартып, бийик тоолуу аймактар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бул изилдөөлөрдү жүргүзүүдө маалыматтар базасы менен иштөө актуалдуу болуп саналат. Борбор аркылуу илим изилдөөчүлөр спутниктен алынган маалыматтар базасын колдонуп, климаттык өзгөрүүлөрдү изилдеген илимий изилдөөлөрдү жүргүзө алышат«, -деди Кудайберди Кожобеков.

Долбоордун алкагында бир нече эл аралык базаларга кирүүгө уруксат алынган. Учурда Америка, Жапония, Кытай, Корея жана Европа өлкөлөрүнүн 25тен ашуун белгилүү спутник агенттиктери менен кызматташуу жүрүүдө. Ошондой эле аталган жай дүйнөлүк борборлор менен чогуу илимий иш-чараларды алып барат.

Бөлүшүү

Комментарийлер