ОШМУДА МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫНЫН ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

  • 30.05.2020
  • 0

ОшМУнун алдында ачылып жаткан Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имаратына капсула салынды.

ОШМУДА МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫНЫН ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

29-майда өткөн аземге ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулу Свистин Роман катышты. Пайдубалына капсула салып жатып жамаат жакшы тилек, максаттарды айтышып, аксакалдар ак батасын беришти.

Филиал Ош мамлекеттик университетинин алдында ачылат. Окуу имаратынын сметалык баасы 76 млн. сомду түзгөн курулушту толугу менен ОшМУ каржылайт. Окуу жайдын имаратын 2020-жылдын күз айларына бүтөрүү пландалган.

Алгач 60-90 абитуриент кабыл алуу пландаштырылган. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет. Филиалда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу башталышы күтүлүүдө.

ОШМУДА МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫНЫН ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

Бүгүнкү күнгө чейин ОшМУ Россиядагы бир топ жогорку окуу жай менен эки тараптуу келишимдердин негизинде жыл сайын академиялык мобилдүүлүк жүргүзүп, онлайн лекцияларды уюштуруп, ири долбоорлорду ишке ашырып алгылыктуу иштерди аткарып келет. Ар семестрде 30га жакын студент-магистрант, 100гө жакын илимпоз-окутуучу Екатеринбург, Белгород, Нижний Новгород, Оренбург шаарларына барып билип алып, тажрыйба алмашып келет.

Белгилей кетсек,  28-майда ОшМУ 80 жылдык мааракесинин алкагында Орусиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

Москва мамлекеттик университети– дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан  (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана  Словенияда (Копер) филиалдары бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер