ОШМУДАГЫ КЫРГЫЗ-ИСПАН ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ

  • 08.09.2022
  • 0

ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүнүн базасында Кыргыз-испан тил жана маданият борбору ачылды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордун ачылуу салтанат аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат өкүлдөрү,  Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана ошондой эле Испаниянын Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес баштаган делегация катышты.

ОШМУДАГЫ КЫРГЫЗ-ИСПАН ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ

Кыргыз-Испан борбору эки өлкөнү жана эки окуу жайды тааныштырган маалыматтар менен толукталып, маданий баалуулуктарды да  чагылдырып турат. Борбордо студенттер испан тилин тереңдетип окуткан курстардан өтүшүп, эки өлкөнүн маданиятын дүйнөгө жайылтууга салым кошот.

Иш-чаранын алкагында 2021-2022-окуу жылында Кадис университетинен бир семестр окуп келген студенттерге сертификаттар тапшырылды.

“Биз ОшМУ менен жакындан таанышып, окуу жайдын жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерин көрүп кубандык. Буга чейин студенттер «Эразмус+» программасында академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишкен, эми бүгүнкү ачылып жаткан борбордун негизинде мындан башка да долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырып жатабыз. Макулдашуулардын негизинде PhD программалары боюнча кош дипломдуулук тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. ОшМУнун базасында ачылган Кыргыз-Испан тил жана маданият борбору Борбордук Азиянын ЖОЖдорун бириктирип турган тарыхый борбор болуп калат деп ишенем”, — деди Испаниянын Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес.

 

Кыргыз-Испан тил жана маданият борборун 2018-жылдан бери ОшМУда эмгектенип жаткан окутуучу Инмакулада Веласко Гомес жетектейт. Ал ага чейин Кадис университетинде иштеп келген.

ОшМУ Кадис университети менен «Эразмус+» программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер