ОШМУДА КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА “РЕКТОРДУН КУБОГУ” ӨТТҮ

  • 05.11.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда  кичи футбол боюнча “Ректордун кубогуна” арналган мелдеш өттү.

ОШМУДА КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА “РЕКТОРДУН КУБОГУ” ӨТТҮ

Мелдеш пандемия учурунда окутуучулардын ден соолугун чыңдоо, дене тарбияны жана спортту даңазалоо максатында өтүп, жалпысынан 18 команда ат салышты. Эки күнгө созулган мелдеште 1-орунду педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин командасы, 2-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командасы, 3-орунду университеттин АЧД командасы, 4-орунду табият таануу жана география факультетинин командалары  ээледи.

Сыйлоо аземине ректор Кудайберди Кожобеков катышып,  мелдеш жамааттын ден соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулгандыгын белгилеп, футболчуларга ден соолук, иштерине ийгилик каалады. Бул мелдеш эми жыл сайын салтка айланып өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер