ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 21.02.2023
  • 0

Ош шаарынын мэриясы, Ош мамлекеттик университети жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмү биргеликте 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аталышындагы майрамдык иш-чараны ОшМУда  өткөрдү.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Майрамдык салтанатка Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын төрагасы Балтагул Нурумбетов, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, Оштогу ар улуттун өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жарыялаган Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгынын алкагында Ош шаарында өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Аталган бир айлыктын алкагында өткөн иш-чараларда жигердүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетине, окуу жайдын бир топ факультеттеринин жамаатына, окутуучуларга Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык баракчалары, дипломдору тапшырылды.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Эне тил күнүнө арналган кечеде Ош мамлекеттик университетинин таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин, Ош шаарындагы диаспора өкүлдөрүнүн тил, маданият, улуттук нарк, улуттук идеология, адеп-ахлак, достук, ынтымак, улуттар аралык урмат-сый маселелерин өз ичине камтыган концерттик программасы тартууланды. Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан Ош шаарындагы диаспора өкүлдөрүнүн улуттук көргөзмөлөрү коюлду.

Жыйынтыгында, активдүү катышуучулар  Ош шаарынын мэриясынын дипломдору, баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер