ОШМУДА “Е-BILIM FEST” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

  • 24.04.2023
  • 0

«Санариптештирүү аркылуу айылдык жамааттар үчүн ачык — айкын келечекти куруу» долбоорунун алкагында Е-BILIM FEST фестивалы болуп өттү.

ОШМУДА “Е-BILIM FEST” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

Фестивалга Президенттин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоорунун менеджери Анна Силем, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун жана DigiKonus долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Е-BILIM FEST алкагында “Илимдеги кыздар” долбоорунун менторлору Робототехника, «3D басып чыгаруу», “Brain-chip”, “Санарип мугалим”, “Мугалимдерди санариптик технологиялар менен тааныштыруу жана окуу процессин жакшыртуу”, “Эмне үчүн жасалма интеллект”, “Анимациялык мультфильм индустриясы кандай иштейт?”, “Компьютердик кызматтын лайфхагы” боюнча көргөзмө мастер-класстары өткөрүлдү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду чыгарган балдар үчүн китептердин жарманкеси уюштулду

“Е- BILIM FEST” фестивалынын максаты жарандарды Кыргызстандын билим берүү системасында санариптештирүү процессиндеги  акыркы жылдары ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болуп саналат.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер