ОШМУДА BILIMFEST-2023 АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

  • 17.05.2023
  • 0

ОшМУнун башкы имаратында Bilimfest-2023 ачык эшиктер күнү өттү.

ОШМУДА BILIMFEST-2023 АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

Bilimfest-2023 ачык эшиктер күнүнүн салтанаттуу ачылышында сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, ОшМУ тууралуу маалымат берди.

Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы үч миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер катышты. Билим фестивалынын жүрүшүнө келген коноктор  факультеттер, институттар, колледждер, лицейлер тартуулаган билим  жарманкеси менен таанышты. Ошондой эле каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болушту.

Абитуриенттердин билимге болгон ынтызарлыгын күчөткөн университеттин окуудан жана спорттон мыктыларынын  парады көрсөтүлдү.

Bilimfest-2023 иш-чарасын белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков алып барып, мындан сырткары жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ блогерлер, белгилүү эстарада ырчылары да чакырылды.  Мектеп бүтүрүүчүлөрү  сынактык тестирлөөргө, викториналарга  жана “Менин тандоом-ОшМУ” видео ролик конкурсуна катышып, жыйынтыгы чыгарылды.

“Менин тандоом-ОшМУ” видео ролик конкурсунун жеңүүчүсү болуп, Кенеш орто мектебинин  окуучусу Нурайым Саттарбекова табылды. Жеңүүчүгө iPhone уюлдук телефону тапшырылды. Ал эми ноутбукту Жеңишай Исмаилова, планшетти Самаган Мусаев, велосипедди Омат Мырзаев алды.

Сынактарга активдүү катышкандарга фирмалык рюкзак жана эс алуу жайларына Ташкент шаарына жолдомолор жана  башка эсте каларлык белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер