ОШМУ ТҮРКИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН  КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМДЕРИНЕ КОЛ КОЙДУ

  • 30.01.2020
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Түркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты  өнүктүрүү  максатын көздөгөн иш  сапарда болуп келди.

ОШМУ ТҮРКИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН  КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМДЕРИНЕ КОЛ КОЙДУ

Иш сапардын алгачкы күнү Жумхуриет университетинде башталды. Делегация  университеттин жалпы түзүлүшү, структурасы жана иштөө менеджменти менен жакындан таанышышты. Ошондой эле Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз менен жолугушту. Анда эки тараптуу бирдиктүү иш алып баруу маселесинин тегерегинде сөз болуп, мындан ары эки университет ар бир адистик боюнча студенттерди академиялык мобилдүүлүккө жиберүү, өз ара кызматташтыкты бекемдөө чечимине келишти. Башкача айтканда, ОшМУнун  түрдүү адистигинде билим алып жаткан 100 студентти   Түркиянын Жумхурият университетинде мобилдүүлүктүн негизинде бир жыл окутуу чечимине жетишишти.

ОШМУ ТҮРКИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН  КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМДЕРИНЕ КОЛ КОЙДУ

Иш сапардын кийинки бөлүгү Токат шаарындагы Османгазипаша атындагы университетинде жана Амася шаарындагы Амася университетинде уланды. Османгазипаша атындагы университетинин ректору Буньямин Шахин жана проректору Ибрахим Өзбай мырза менен эки тараптуу кызматташуу келишими, Мевлана жана Эрасмус плюс программалары боюнча келишимдерге, Амася университетинин ректору Сулейман Елмажы менен эки тараптуу кызматташуу жана Мевлана программасы боюнча келишимге кол коюлду.

ОШМУ ТҮРКИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН  КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМДЕРИНЕ КОЛ КОЙДУ

Аталган университеттер менен ОшМУ студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү гана өнүктүрбөстөн, окутуучулардын илим изилдөө, тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыктарын да бекемдейт.

Кошумчалай кетсек, Анкара шаарында Түркиянын Юнус Эмре институтунун (Түрк тилин жана маданиятын дүйнөгө жайылтуу мамлекеттик мекемеси) өкүлчүлүгүн ОшМУнун базасында ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер